Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:16

Укук коргоочулардын глобалдык альянсы акыйкатчы боюнча кайрылуу жасады


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Улуттук укук коргоо мекемелеринин глобалдык альянсы Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын ишмердүүлүгү боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Кайрылууда акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу Жогорку Кеңеш депутаттарынын сунушу сынга алынып, ал ишке ашса, Кыргызстандын эл аралык аброюна шек келтирип аларын белгиленген.

"Эгер Атыр Абдрахматова мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынса, Кыргызстан БУУнун адам укуктары кеңешинин мүчөсү катары өзүнүн эл аралык аброюна залака келтирип алат. Кыргызстан былтыр аталган кеңешке мүчө болуп жатып, БУУнун Башкы ассамблеясынын алдында Акыйкатчы институтунун көз карандысыздыгын бекемдөөгө милдеттенме алганын белгилейбиз", - деп жазылган кайрылууда.

Улуттук укук коргоочу мекемелердин глобалдык альянсы улуттук укук коргоо мекемелеринин ишин координациялоо максатында 1993-жылы Тунис шаарында түзүлгөн.

Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова 19-апрелде Жогорку Кеңеште өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу баяндама жасаган. Депутаттар баяндаманы аягына чейин укпай, Атыр Абдрахматованы Акыйкатчы кызматынан алууну сунуштап чыгышкан. "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы бул тууралуу чечимин парламент төрагасына берген. Тармактык комитет фракциянын сунушун колдоп чыккан.

Көп өтпөй президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине өлкөдөгү адам укугунун, сөз эркиндигинин абалы тууралуу комментарий берип жатып, акыйкатчынын адам укуктарынын абалы тууралуу билдирүүсүн сындаган.

Алтымыштан ашуун бейөкмөт уюмдун, жарандык коомдун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнө кайрылып, Абдрахматованын айланасындагы жагдайларга тынчсыздануу билдирген. Алар акыйкатчыны кысымдан коргоого, ишмердигин улантууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырышкан. Эл аралык Human Right Watch уюму да Жогорку Кеңешке кайрылып, Атыр Абдрахматованы кызматтан кетирбөөгө чакырган. Уюмдун маалыматында Абдрахматовага басым анын "Кемпир-Абад иши боюнча" камалгандардын укугу тууралуу айтканына байланыштуу болушу ыктымалдыгы тууралуу жазылган.

42 жаштагы Атыр Абдрахматова бул кызматка бир жыл мурда, 2022-жылы мартта шайланган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG