Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Еврокомиссия Украинанын дан импорту боюнча мунаса тапканын жарыялады


Европа Комиссиясы Украинадан буудай жана башка азык-түлүк товарларын сатып алууну чектөө маселеси боюнча Борбордук Европа өлкөлөрү менен мунасага жетишти. Келишимге беш өлкө – Польша, Венгрия, Румыния, Словакия жана Болгария кол койду. Ага чейин аталган өлкөлөр Украинанын азык-түлүк продукциясын импорттоого эмбарго жарыялашкан.

Жетишилген келишимге ылайык, эми Евробиримдик бул өлкөлөрдүн кампаларына толуп калган украин буудайын алып кетүү боюнча чукул чараларды көрөт, Украинадан буудай, жүгөрү, күн карама, рапс данын сатып алуу убактылуу чектелет.

Ошону менен катар Евробиримдик аталган өлкөлөрдүн өзүнүн айыл чарба тармагына колдоо көрсөтүү үчүн 100 миллион евро бөлүп берет, алар импортту чектеген чечимдерин жокко чыгарып, бул багыттагы ишин бири-бири жана Евробиримдик менен макулдашып жүргүзүп турууга милдеттүү болушат.

Украина айыл чарба продукциясын Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө Европа мамлекеттери аркылуу ташып өтүү укугунан ажыратылбайт.

Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен жетишилген мунасаны колдой турганын билдирип, "Муну менен Украина да өзүнүн экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн сактап калат, биздин фермерлер да чыгымга учурабайт” деп айтты.

2022-жылдын май айында Евробиримдик Украинага колдоо көрсөтүү максатында анын дан азыктарын сатып алуудагы айрым төлөмдөрдү жокко чыгарган жана жеңилдиктерди берген. Мунун айынан айыл чарба продукциясын өндүрүүчү жергиликтүү фермерлер Украинанын арзандатылган товарынын айынан атаандаштык жаралып, иши жүрбөй калганын айтып, нааразылыгын билдирип чыгышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG