Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Ирак түрмөсүндөгү чет элдик аялдар ачкачылык жарыялаганын билдиришти


"Русафа" түрмөсүндөгү кыргызстандык аялдар. Апрель, 2023-жыл.
"Русафа" түрмөсүндөгү кыргызстандык аялдар. Апрель, 2023-жыл.

Иракта террорчулукка шек саналып камакта отурган чет элдик аялдардын тобу ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Багдаддагы "Русафа" түрмөсүндө жаза мөөнөтүп өтөп жаткан кыргызстандык келиндер кабарлашты.

Ачкачылык жарыялагандардын арасында кыргызстандыктардан тышкары, Орусиянын Дагестан, Чеченстан республикаларынын, Азербайжан, Өзбекстан, Түркия жана башка өлкөлөрдүн да жарандары бар экенин Кавказ.Реалии басылмасы абактагы булактарына таянып жазды.

Алар өздөрүнө коюлган айыпты алып салууну жана мекенине кайтарууну талап кылып жатышат. Аялдар ачкачылык жарыялаганын дагестандыктардын Стамбулдагы диаспорасы да тастыктады.

"Русафа" түрмөсүндө отурган 40 аял апрелдин башында "Азаттыкка" кайрылып, мекенине кетүү үчүн жардам сурап, кыргыз бийлигине үнүн жеткирүүнү өтүнүшкөн.

Алар 2013-2015-жылдары Сирияга, Иракка күйөөлөрүн, балдарын ээрчип барганын, "террордук топтун мүчөсү" деп Багдадда соттолушканын билдиришкен.

Reuters агенттиги 2021-жылдын 19-мартында Багдаддын Ар-Русафа районундагы абакта 494 чет элдик аял отурганын жазган. Алар 18 мамлекеттин жарандары экени, арасында борборазиялыктар да отурганы белгиленген.

Ирак бийлиги 2016-2018-жылдары “Ислам мамлекети” радикал исламчыл тобунун жоочуларын өлкөдөн кууп чыккандан кийин, жихадчыларды жана алардын катарындагы аялдарды камап, катаал жазага тарткан. Узак мөөнөткө камалгандардын арасында кыргызстандыктар да бар.

Алар кыргыз мыйзамдарына ылайык да “оор кылмыш кылды” деп эсептелет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG