Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

CPJ кыргыз бийлигин "Азаттык" боюнча сот чечимин жокко чыгарууга чакырды


Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists - CPJ) "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу тууралуу соттун чечимине тынчсыздануу билдирди.

"Кыргызстандагы таанымал жана ишенимдүү маалымат булактарынын бири болгон "Азаттык" радиосун жабуу - көз карандысыз маалымат каражаттарына коркунучтуу белги жана кыргыз бийлиги көздөгөн багыт тууралуу олуттуу суроолорду жаратат", - деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Гулноза Саид.

Эл аралык уюмдун өкүлү кыргыз бийлигин "Азаттыкты" жабуу чечимин жокко чыгарып, эркин иштөөгө шарт түзүүгө чакырды.

Январда CPJ жана алты өнөктөш уюм Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго "басма сөз эркиндигине кысымдын күчөп жатканына" байланыштуу жолугуу өтүнүчү менен кат жолдогон. Анда “Азаттык” радиосунун жагдайы да сөз болгон.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу соттун "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу тууралуу "чектен чыккан" чечимине каршы даттанарын бул эл аралык медиа корпорациянын президенти Жейми Флай билдирди.

"Азаттыктын" адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданганы жатат.

Министрликтин "Азаттык Медиага" каршы жазган доо арызында эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат.

Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин "Азаттыктын" ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG