Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:35

Футбол: Кыргызстан Иран жана Ооганстандын командалары менен беттешет


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы.

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлө турган CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдешинде Кыргызстан «В» тайпасында Иран жана Ооганстан менен ойнойт. Оюндар июнь айында Бишкекте өтөт.

26-апрелде Дүйшөмбү шаарында CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчүкулак болуп, жети команда эки тайпага бөлүндү.

«А» тайпасында Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары бар.

«В» тайпасынын беттештери Бишкекте, ал эми «А» тайпасынын оюндары Ташкентте өтөт.

Кыргызстан 10-июнда Ооганстан менен, 16-июнда Иран курама командасы менен беттешет.

CAFA NATIONS CUP-2023 - Борбор Азиялык өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлө турган футбол мелдеш. Ага Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары катышат. Ал быйыл биринчи жолу өткөрүлгөнү жатат.

Беттештер тайпада бир айлампада өткөрүлөт. Эки группанын жеңүүчүсү болгон эки курама финалда беттешет. Өз тайпаларында экинчи орунду алган командалар үчүнчү орун үчүн ат салышат. Финалдык беттеш Ташкент шаарында болот. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG