Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

ФИФА президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келет


Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино
Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино 4-5-майда Кыргызстанда болот. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлиги 25-апрелде билдирди.

Бул - ФИФА президентинин Кыргызстанга биринчи сапары. Анын алкагында Жанни Инфантино президент Садыр Жапаров менен жолугушат. Кыргыз футбол бирлигинин жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышары пландалып жатат.

Жолугушууларда Кыргыз футбол бирлигинин демилгелери, өлкөдөгү футболду жакшыртуу жана өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Жанни Инфантино Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) башчылыгына биринчи жолу 2016-жылы шайланган. Андан кийин 2019-жылы экинчи жолу жана ушул жылдын март айында үчүнчү жолу президент болуп кайра шайланды. Эми ал бул кызматты 2027-жылга чейин аркалайт.

ФИФА - 211 өлкөнүн футболдук федерацияларынын башын бириктирген уюм. Кыргызстан бул уюмга 1994-жылдан бери мүчө. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG