Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

ДССУ: Суданда лабораториянын басып алынышы коркунуч жаратууда


Хартумдагы көрүнүш
Хартумдагы көрүнүш

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Судандын борбору Хартумда кызылча, холера жана башка материалдардын үлгүлөрү сакталган лабораториянын басып алынышынан улам коркунуч жогору экенин эскертти.

Судандын Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген "Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу бир канча күндөн бери уланууда.

"Би-Би-Си" улуттук медициналык лабораторияны кимдин тарапташтары басып алганы азырынча белгисиз экенин жазды. 25-апрелде уюм кызматкерлери иштеген жерине кире албай турганын билдиришкен.

Шейшембиде Суданда аба чабуулдары кайра башталды. Өлкөнүн ири шаарларынын бири болгон Омдурман аткыланып, оорукана зыянга учураган.

Эки аптадан бери уланып жаткан кармаштарга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү себеп болду. Түрдүү маалыматтарда Судандагы башаламандыкта 450дөн 600гө чейин киши өлүп, төрт миңдейи жаракат алганы айтылат.

Чет өлкөлүктөрдү, анын ичинде дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрүн мамлекеттен чыгарып кетүү уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG