Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:59

Президенттик администрация Садыр Жапаровдун Москвага сапары тууралуу маалымат берди


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азимбакиев Садыр Жапаров 8-майда Орусияга расмий сапары менен барарын ырастады.

Мамлекет башчынын сайтына жарыяланган маалыматка караганда, Жапаров Москвага Орусия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барат. Сапардын алкагында эки өлкө президенттеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү жана Орусиянын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландалып жатканы да белгилүү болду.

“2023-жылдын 9-майында Москва шаарында мамлекет башчысы ардактуу конок катары Жеңиш парадына катышат”, - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

23-апрелде орусиялык “Ведомости” басылмасы жеке булактарына таянып, 9-майда өтчү аскердик парадда Садыр Жапаров жалгыз чет өлкөлүк конок болорун жазган. Басылма президент Жапаров Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчуктун чакыруусу менен Москвага барганы жатканын белгилеген.

“Ведомости” басылмасынын башка материалында Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Садыр Жапаров “Жеңиш парадына да катышуу үчүн калууну чечкенин” билдирген.

Былтыр Орусия Украинага кол салгандан кийин өткөн Москвадагы аскердик парадга бир дагы мамлекеттин башчысы катышкан эмес. Анда Дмитрий Песков Кремль иш-чарага чет элдик коноктор чакырылбаганын айткан.

Садыр Жапаров акыркы жолу Орусияга былтыр 13-майда барып, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышкан. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG