Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

WP: АКШ Киевди Орусиянын объектилерине чабуул коюудан айныткан


Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк басылманын маалыматын жокко чыгарды.
Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк басылманын маалыматын жокко чыгарды.

The Washington Post Украина согуштун бир жылдыгына карата, 24-февралда Орусиянын бир катар объектилерине, анын ичинде Москвада бир катар чабуул уюштурууну пландаганын, бирок АКШ Киевди бул планынан айнытканын жазды. Аталган басылма буга чейин ачыкка чыгып кеткен АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин жашыруун документтерине шилтеме кылган.

Басылманын ырасташынча, чабуул баштоого эки күн калганда, 22-февралда АКШнын Чалгын кызматы Вашинтондун өтүнүчү менен Киев чабуулду кое турууга макул болгонун билдирген. Киевге мындай өтүнүч менен кайсы америкалык кызмат кайрылганы, Украина эмне себептен ынаганы көрсөтүлгөн эмес. Ак үй бул тууралуу комментарий бере элек.

Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк басылманын маалыматын жокко чыгарып, анын "конспирологиялык" деп атады.

"Дароо эле жөнөкөй суроо жаралат. Бизге андай кылуунун кандай зарылдыгы бар эле? Бир жолку акция эмнени чечмек? Согуштун жүрүшүн өзгөртөбү? Орусиялыктардын качышын шарттайбы? Куралга болгон керектөө жокко чыгабы?", -деп жазды Подляк Твиттердеги баракчасына.

Согуш маалында Орусиянын аймагындагы айрым объектилерге, анын ичинде Саратов жана Рязань облустарындагы стратегиялык аэродромдоруна чабуул жасалган. Москва мындан улам Киевди айыптаган.

Украина чабуулдарды төгүндөгөн дагы, жокко дагы чыгарган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG