Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Крымдын чыгышындагы Ленин районунда жарылуулардын үнү угулду


Орусиянын С-400 абадан коргонуу системасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын С-400 абадан коргонуу системасы. Иллюстрациялык сүрөт.

"Крым.Реалии" сайты 22-апрелдин таңында Крымдын чыгышындагы Ленин районунда жарылуулардын үнү угулуп, Орусия абадан коргонуу системаларын ишке киргизгенин билдирди. Бул тууралуу сайт Крымдагы Телеграмм-каналдарга шилтеме берип жазды.

Маалыматты Крымдын Орусия дайындаган жетекчиси Сергей Аксёнов да ырастап, бирок окуянын чоо-жайын тактаган жок.

Mash Телеграмм-каналы Орусиянын абадан коргонуу системалары Азов деңизинин үстүндөгү объектини атып түшүргөнүн кабарлады. Ленин району Крым жарым аралынын чыгышында жайгашкан. Орусиянын да, Украинанын да аскерлери азырынча кырдаал боюнча комментарий бере элек.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG