Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:33

Front Line Defenders уюму Рита Карасартованы токтоосуз бошотууга үндөдү


Рита Карасартова Бишкек шаардык сотунда.
Рита Карасартова Бишкек шаардык сотунда.

Front Line Defenders эл аралык уюму укук коргоочу Рита Карасартованын тергөө абагындагы мөөнөтү узартылганына терең тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны токтоосуз бошотууга чакырды. Бул тууралуу уюм расмий сайтына билдирүү жарыяланды. Анда укук коргоо жаатындагы уюм Карасартова отурган тергөө абагындагы шарттарга жана анын жакындары менен жолугуу укугунун чектелип жатканына тынчсыздануу билдирген.

Эл аралык уюм аял укук коргоочулар Гүлнара Журабаеванын, Клара Сооронкулованын жана Асия Сасыкбаеванын тергөө абагынан бошотуу чечимин кубаттап, ошол эле учурда аларды үй камакка алган бөгот чарасын айыптады.

Front Line Defenders уюму кыргыз бийлигин Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин бардык мүчөлөрүнө коюлган айыптарды алып салууга, аларды эркиндикке чыгарууга чакырат.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 30га жакын мүчөсү кармалып, бир топ убакыттан кийин алардын ондон ашыгы үй камагына чыгарылган.

Ички иштер министрлиги шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. “Массалык башаламандыкка” шектелип кармалгандардын арасынан 4-5 кишиге кошумча айып коюлганы кабарланган.

Бирок кармалгардын бири дагы тергөө менен макул болбой, бул ишти "саясий куугунтук" деп баалашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG