Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Германияда Украинанын союздаштарынын "Рамштайн" форматындагы жолугушуусу өтүүдө


Германиядагы АКШнын "Pамштайн" аба базасындагы Украинанын коргоо тобунун жолугушуусу. 21-апрель, 2023-жыл.
Германиядагы АКШнын "Pамштайн" аба базасындагы Украинанын коргоо тобунун жолугушуусу. 21-апрель, 2023-жыл.

Германияда 21-апрелде “Рамштайн” деп аталган форматта Украинаны колдогон өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн кезектеги 11-жыйыны өтүүдө.

Пленардык жыйындын алдында Украина менен АКШнын коргоо министрлери Алексей Резников менен Ллойд Остиндин сүйлөшүүлөрү болду. Резниковдун айтымында, жолугушууда Украинага курал-жарак жеткирүү маселеси, 2023-жылдын аягына чейин колдоо стратегиясы да талкууланат.

Пентагондун башчысы жолугушууну комментарийлеп жатып, Батыштагы өнөктөштөр Украинаны канча убакыт талап кылынса, ошончолук колдой турганын билдирди.

Жыйынга бир күн мурда, бейшембиде Киевге барган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да катышууда. Ал альянстын негизги максаты Украинанын Орусиянын эч кандай себепсиз басып алуусун жеңип чыгышын камсыз кылуу экенин белгиледи.

"Рамштайн" жолугушуусу – Орусиянын баскынчылыгынын мизин кайтарууда Украинага аскердик жардам көрсөткөн эл аралык коалиция. Ага 50дөн ашык мамлекет, тагырагы НАТО блогунун бардык өлкөлөрү, Евробиримдик мамлекеттеринин көбү жана Азиядагы айрым мамлекеттер мүчө болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG