Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Аба ырайы: күн жылыйт


21-24-апрель күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында жана Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

22-апрелге караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 18…20 градус жогору болот.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG