Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Блогер Ырыс Жекшеналиевдин соту 15-майга белгиленди


Ырыс Жекшеналиев.
Ырыс Жекшеналиев.

“Бийликти басып алууга, жапырт башаламандык кылууга үндөгөн” деп шек саналып жаткан активист Ырыс Жекшеналиевдин соту 15-майга белгиленди. Бул тууралуу ал 20-апрелде Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын 19-апрелге белгиленген соту белгисиз мөөнөткө жылдырган болчу. Буга судьянын ооруп калганы себеп болгонун Жекшеналиевдин адвокаты Нурбек Сыдыков билдирген.

Жекшеналиевдин иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, адам пикиринин эркиндиги боюнча Конституциялык укугу бузулуп жатканын билдирген.

3-апрелдеги соттук териштирүүдө прокурор активистти күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратууну сураган.

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгарганы негиз болгон. Тергөө абагында эки ай отурган активистти Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Жекшеналиев Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан чыгарылган. Кийин окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (TAb)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG