Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:02

Конституциялык сот Баш мыйзамдын талаштуу беренесин чечмеледи


Кыргызстандын Конституциялык сотунун азыркы курамы. Төрага Эмил Өскөнбаев ортодо.
Кыргызстандын Конституциялык сотунун азыркы курамы. Төрага Эмил Өскөнбаев ортодо.

19-апрелде Конституциялык сот Баш мыйзамдын 44-беренесине байланыштуу Министрлер кабинетинин кайрылуусун карап чыгып, аны чечмелеген чечим кабыл алды. Соттук коллегияны Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев өзү жетектеп, ага катышкан тогуз судьянын баары чечимди бир добуштан колдошту.

Баш мыйзамдын 44-беренесинин 2-бөлүгүндө “Пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деп жазылган.

Конституциялык сот өз чечиминде “пенсиянын, жөлөк пулдардын жана башка социалдык жардамдын көлөмү экономиканын абалынан жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды экенин” белгилеп, жогорудагы берене “кынтыксыз аткарыла турган милдеттеме эмес” деп тапты. Соттук коллегия беренедеги бул пункттагы айтылган нерсе “мамлекеттин конституциялык деңгээлде бекитилген максаты жана мүдөөсү катары каралышы керек” деп эсептейт.

Министрлер кабинети Конституциялык сотко кайрылганы боюнча маалымат Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынында белгилүү болгон. Депутат Адахан Мадумаров бул аракетти сынга алып, “пенсиялар, жөлөкпулдар эң төмөнкү керектелүүчү куржундан кем болбойт” деген Баш мыйзамдын талабын өкмөт сөзсүз аткарышы керектигин айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул боюнча жооп берип жатып, бул кайрылуу Конституциядагы 44-беренени туура чечмелөө үчүн берилгенин, бул ишти аталган сот гана аткарарын билдирген. Ал социалдык төлөмдөрдүн жашоо минимумуна жетпей жатканынын себебин өкмөттүн алына, экономикалык шартка байланыштырган. Жапаров “жашоо минимуму жыл сайын өзгөрүп турарын, аны АКШ да, Жапонияда кубалап жетпегенин” кеп кылган.

Адахан Мадумаров бул талап жазылган Конституцияны азыркы бийлик өзү киргизгенин эске салып, өкмөт аны аткара албаса, кызматтан кетиши керектигин билдирген. Акылбек Жапаров аткаруу бийлиги шартка жараша айлык, социалдык төлөмдөрдү көтөрүп жатканын маалымдап, ортодо кайым айтышуу орун алган.

Улуттук статистика комитети 2023-жылдын биринчи кварталындагы базар бааларынын негизинде жашоо минимумун 7 миң 501 сом деп чыгарган. Азыркы учурда пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык жардамдын эң төмөнкү көлөмү мындан аз. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG