Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

"Улуу мурас" аталышындагы хрестоматиялык жыйнак жарык көрдү


"Улуу мурас" жыйнагы.
"Улуу мурас" жыйнагы.

“Улуу мурас” аталышындагы хрестоматиялык жыйнак жарык көрүп, 18-апрелде Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада бет ачары өттү. Аталган жыйнакка буга чейин нотага түшпөгөн айтыш, жоктоо, терме, санат-насыят, казал жана көлөмдүү ашыктык, арман ырлары кирген. Чыгармалар нота, текст жана QR-коду менен басылып чыкты.

Хрестоматиялык китеп "Дастанчы" коомдук фондунун жетекчилиги астында эл аралык "Кристенсен" уюмунун демөөрчүлүгү менен жарык көргөн. Түзүүчүлөр - белгилүү дастанчылар Өмүрзак Кайыпов, Самат Көчөрбаев.

“Улуу мурас” китебинин бет ачар аземи. 18.04.2023-ж.
“Улуу мурас” китебинин бет ачар аземи. 18.04.2023-ж.

Алардын айтымында, этностилдеги дизайнда чыккан китеп Билим берүү министрлигинен, өлкөдөгү бир катар окуу жайлардан, окумуштуулар кеңешинин сынынан өтүп, расмий түрдө рецензия алган.

500 нускада басылып чыккан “Улуу мурас” эмгеги маданий-музыкалык окуу жайлар, музыкалык мектептер жана жалпы өнөрпоздор үчүн колдонмо болот. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG