Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Сосновка бекетинде автоунааларга кирген чектөө толугу менен алынды


Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка өткөрмө бекети.
Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка өткөрмө бекети.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Сосновка көзөмөл бекетинде 18-апрелде саат 9:00дон тарта оор жүк ташуучу автоунааларга кирген чектөө алынганын билдирди. Учурда жолду тазалоо иштери уланып жатат.

Аталган министрлик кар жаап, бороон болуп жатканына байланыштуу бул бекетте дүйшөмбүдө, түнкү саат 2ден тартып жүк ташуучу машиналарга, ошол эле күнү саат 14:40тан тарта жеңил автоунааларга убактылуу чектөө коюлганын кабарлаган.

17-апрелдин кечинде жеңил автоунааларга кирген чектөө алынган.

Министрлик бийик тоолуу аймактардагы башка ашууларда да тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун Чапчыма ашууларында жол ачык.

Өтмөктө кар жаап, бороон болууда. Жол ачык. Тазалоо иштери жүрүп жатат.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда дагы каттамдарда чектөө жок. Ал эми Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун Сөөк ашуусунда борошо уруп, убактылуу жабык.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратып, Кыргызстанда 17-18-апрель күндөрү туруксуз аба ырайы сакталып турганын эскерткен. Анда бийик тоолуу аймактардагы автоунаа жолдорунда жана ашууларда кар көчкү жүрүшү, кар күрткүсү болору айтылган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG