Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:09

Орусия Кыргызстанга электр энергиясын сата баштады


Кыргызстандын энерго системасындагы электр чордондору. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын энерго системасындагы электр чордондору. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын “Интер РАО” компаниясы Казакстандын энергосистемасы аркылуу Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар аталган компанияга таянуу менен кабарлашты.

“Орусиянын энергосистемасы өлкө тарыхында биринчи жолу Казакстандын энергосистемасы аркылуу Кыргызстанга электр энергиясын жеткирип жатат. 2023-жылдын апрелинен 2024-жылдын мартына чейин жалпы көлөмү 900 миллион кВт. саат электр энергиясы экспорттолот”, – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Мурдараак Кыргызстандын Энергетика министрлиги 2023-2024-жылдагы жылуулук сезонунда Орусиядан электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга кол коюлганын жарыялаган. Анда Бишкек Москвадан 875 млн. кВт. саат электр энергиясын сатып алары кабарланган болчу.

Кыргызстан энергетикадагы бардык кубаттуулуктарын бириктиргенде азыркы учурда 15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Ошол эле маалда керектөө 18 млрд. кВт болууда, кубаттуулук жетиштүү болсо андан дагы ашышы мүмкүн.

Өндүрүлгөн энергиянын 60% калкка, 40% өндүрүштүк жана коммерциялык ишканаларга сатылат. Калкка сатылган электр энергиясы өз наркынан төмөн баада сатылгандыктан, анын чыгымы мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Кыргызстан электр энергиясынын тартыштыгынан Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан маал-маалы менен менен электр энергиясын импорттоп турат. Бир учурда Тажикстандан да сатып алганы ачыкка чыгып, кийин Кыргызстандагы сын-пикирлерден улам токтотулганы айтылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG