Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:40

Татарстандын башчысы Минниханов Молдовага киргизилген жок


Рустам Минниханов
Рустам Минниханов

Орусиянын курамындагы Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Миннихановго Молдовага кирүүгө тыюу салынды. Ал “Элдердин достугу – 2023” эл аралык дипломатиялык конгрессине катышуу үчүн 17-апрелде барган. Бирок Молдованын чек арачылары аны учактан түшүрүүгө уруксат беришкен эмес.

Миннихановдун айтымында, Молдова бийлиги ага "ылайыксыз адам" макамын берген. Минниханов учакта Кишиневдон Орусияга кайтып келди.

Минниханов менен бирге конгресске катышуу үчүн барган "Ак-Барс" холдингинин башчысы Иван Егоров да Молдовага киргизилген жок.

Миннихановду Молдовадагы жыйынга жакында Гагаузия автоном облусунун башчысына талапкер Виктор Петров жана аймактын парламентинин төрагасынын орун басары Александр Суходольский чакырган.

Молдова бийлиги окуяга комментарий бере элек. Комрат шаарында өтүп жаткан жыйында Гагаузиянын саясатчылары жана коомдук ишмерлери Молдова бийлигин бир нече жолу сынга алышканын "Коммерсант" гезити жазды. Алардын көбү Орусиянын Украинадагы согушун колдошот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG