Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

Польша Украинадан дан азыктарын алууну убактылуу токтотту


Польшанын өкмөтү Украинадан дан жана бир катар азык-түлүктүн түрлөрүн импорттоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган өлкөнүн министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Польшанын өнүктүрүү жана технология министри Вальдемар Буда кол койгон токтомго ылайык, чектөө 2023-жылдын 30-июнуна чейин киргизилди. Импорттоого тыюу салынган товарлардын тизмесине бир катар дан азыктары, кумшекер, мөмө жана жер жемиштери, вино, уй эти, тоок, сүт азыктары, жумуртка жана бал кирген.

Оңчул “Укук жана адилеттүүлүк” партиясынын лидери Ярослав Качиньский Польша Украинанын өзгөргүс досу, өнөктөшү бойдон каларын жана аны толук кандуу колдоону улантарын, бирок ар бир өлкөнүн жетекчилигинин негизги милдети жарандарынын кызыкчылыгын коргоо экенин билдирди. Качиньский кабыл алынган чечим тууралуу украин бийлиги кабардар болгонун кошумчалады.

Буга чейин Польша менен Украинанын айыл чарба министрлери Роберт Телус жана Николай Сольский жолугушуп, Украинадан Польшага киргизилип жаткан дан экспортун көзөмөлдөө боюнча сүйлөшкөн. Украина Польшага экспорттогон дандын көлөмүн азайтууга, же болбосо толугу менен токтотууга да даяр экени, айрым азык-түлүктөрдү бул өлкө аркылуу алып өтүүгө мүмкүн бойдон кала берери кабарланган.

Украинанын Агрардык саясат министрлиги Польша өкмөтүнүн чечимин өкүнүү менен кабыл алганын билдирди. Кайрылууда кабыл алынган чектөөлөр азык-түлүктү өлкө аркылуу алып өтүүгө да тиешелүү экени, бул чечим буга чейин эки өлкөнүн кабыл алган келишимдерине каршы келери айтылат.

“Биз польшалык фермерлерге кыйын кырдаал түзүлүп калганын түшүнөбүз. Бирок учурда эң оор кырдаал Украинанын дыйкандарында экенин белгилейбиз. Дал ушул Украинанын аймагында согуш жүрүп жатат, дал ушул украин дыйкандары Орусиянын Украинага каршы согушундагы оор чыгымдарга чыдап жатышат жана дал ушул украин дыйкандары өзүнүн талаасында орусиялыктардын миналарына жарылып, набыт болуп жатышат. Ошого карабай украиналык азык-түлүк өндүрүүчүлөр польшалык кесиптештердин муктаждыгын түшүнүү менен кабыл алабыз жана өз ара түшүнүшүүнүн болушунан үмүттөнөбүз, конструктивдүү диалог менен макулдашылган чечимге келүүнү күтөбүз”, - деп айтылат министрликтин кайрылуусунда.

2022-жылы май айында Евробиримдик Украинадан кирген азык-түлүктөрдөн алынчу алымдарды жана коюлган чектөөнү бир жылга алган. Башында Украинанын дан экспортунун негизги көлөмү Польша аркылуу өткөн соң ага чектеш өлкөлөргө, андан тышкары Азия жана Африка өлкөлөрүнө жөнөтүлөрү божомолдонгон.

Бирок иш жүзүндө украин азык-түлүгүнүн көп бөлүгү Польшада, Венгрияда жана Румынияда калган. Украин азык-түлүгүнүн агылып келиши менен өлкөдө жергиликтүү өндүрүш үчүн атаандаштыкка туруштуктук берүү кыйын болуп калды. Мындан улам Украина менен чектеш өлкөлөрдө, анын ичинде Польшада дыйкандардын нааразылыгы пайда болду. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG