Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Токтогулда жол кырсыгынан бир мугалим каза болуп, беш адам жараат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

14-апрелде Токтогул районундагы Кубат Чокоев атындагы орто мектебинин беш мугалими, бир айдоочу жол кырсыгына кабылган. Каргашадан 44 жаштагы мугалим каза болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Сулпукарова билдирди.

Билим берүү министрлиги учурда эки адамдын абалы оор экенин, үчөө палатага которулганын кабарлады.

Окуя кечки саат бештен өткөндө Токтогул районунун ички жолунда, бодо малдын жолго күтүүсүз чыга калганынан болгон.

Автоунаадагылар Бел-Алды айыл өкмөтүнүн Алымбеков орто мектебинде өткөн “Жылдын мугалими” сынагына катышып келе жаткан.

Каза болгон мугалим буга чейин Кубат Чокоев атындагы орто мектебинин окуу иштери боюнча директорунун орун басары болгон, физика, математикадан сабак берген.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 2022-жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгонун билдирген.

Маалымат боюнча, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%, каза тапкандар 20,5% азайган. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсүнөн болот. (DSh)

(

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG