Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:28

ИИМ “Аю” компаниясынын эки кызматкери кармалганын кабарлады


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги “Аю” ишканасынын заводу тинттүүгө алынып, 260 тонна мыйзамсыз спирт, акциздик маркасы жок он эки миң бөтөлкө алкоголь ичимдиктери табылганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, буга чейин Токмок шаарындагы ишканалардын биринде спирт ичимдиктери мыйзамсыз өндүрүлүп жатканы жөнүндө ыкчам маалымат болгон. Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (“Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин алкагында Сокулук айылы жана Токмок шаарындагы “Токмок Буллс” ишканасынын кампалары текшерилип, мыйзамсыз 260 тоннадан ашык этил спирти, “Аю” компаниясынын бухгалтердик документтери, акциздик маркалары жок 12 миң бөтөлкөдөгү ичимдик алынган.

“Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, чогултулган далилдердин негизинде жакында Токмок шаарындагы спирт заводунун күзөт бөлүмүнүн башчысы 1982-жылы туулган М.Т., ошол эле ишкананын башкы технологу 1988-жылы туулган И.А. кармалды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Милиция аталган кампалар жабылганын, кылмыш иштин алкагында 118 дарек текшерилгенин билдирди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Азырынча "Аю" компаниясынын өкүлдөрү бул боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде, "Аю" компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Ал "Аю" заводу "кустуруу" өнөктүгүнүн курмандыгы болду деген пикирлерди комментарийлеп, ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айтты.

"АЮ Холдинг" мындан 20 жыл мурда негизделген. Холдингдин курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет, алардын катарында "АЮ Курулуш", "АЮ Гранд", "АЮ Лизинг", "АЮ Гарант", "Токмок булз", "Ак сарай" жана башкалар бар.

Анын кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы президенти. Ал Канат Исаев менен катар "Кыргызстан" партиясын түптөгөн. 2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен, учурда айрым маалыматтар боюнча Дубай шаарында жашайт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG