Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Ош облусунун жетекчилеринин ишинде мыйзам бузуу фактылары аныкталганы кабарланды


Ош облустук администрациясы. Иллюстрация.
Ош облустук администрациясы. Иллюстрация.

Атайын түзүлгөн комиссия Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерип, мыйзам бузуу фактыларын аныктаганын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Комиссия мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн.

Маалыматта алар "өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы" айтылган.

Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновду, анын орун басары Данияр Жаныкуловду жана Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоевду ээлеген кызматтарынан бошотуу жарылыгына кол койду.

Буга чейин президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун жакындары айыл чарба багытындагы жерлерди менчиктештирип алганы тууралуу маалыматтар жана "өкүлдүн үнү" деген телефондогу сүйлөшүү соцтармактарга тараган.

Көп өтпөй, 13-апрелде өкүлдүн биринчи орун басары Данияр Жаныкуловго түспөлдөш адамдын иш бөлмөсүндө конверт алганы жана акча санап жатканы тартылган тасма соцтармактарга тараган.

Данияр Жаныкулов "Азаттыкка" бул тасманын артында өкүл Жамалдинов жана анын жакындары турат деп, социалдык тармакка тараган видеону уюштурган деп күнөөлөгөн. Анын сөзүнө караганда облустук акимчиликтеги IT адиси Нургазы Жамалдинов өкүлдүн жакын тууганы.

Видео ким тарабынан тартылганы жана таратылганы белгисиз. Укук коргоо органдары бул тууралуу комментарий бере элек. Данияр Жаныкулов милиция же атайын кызматтын өкүлдөрү өзүн суракка алды деген маалыматтарды четке какты.

Ал биринчи орун басарлык кызматка 2022-жылдын августунда дайындалган.

Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп 2021-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон.

42 жаштагы Данияр Жаныкулов бул кызматка чейин Таластагы Жерүй кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген. Ага чейин ЭлТР, КТРК каналдарында иштеген.

Март айында жергиликтүү маалымат каражаттары президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов кызматтан кетип, ордуна Данияр Жаныкулов дайындалышы мүмкүн экенин жазып чыгышкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG