Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Азия чемпионаты: Алмаз Сманбеков күмүш байге алды


Архив. Алмаз Сманбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында. 21-сентябрь, 2019-жыл. Нур-Султан, Казакстан.
Архив. Алмаз Сманбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында. 21-сентябрь, 2019-жыл. Нур-Султан, Казакстан.

Астанада өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков күмүш байгеге ээ болду. Сманбеков 13-апрелде 57 килограмм салмакта үч беттеш өткөрдү.

Алгач пакистандык атаандашы Мухаммад Билал килемге чыкпай, жеңиш Сманбековго ыйгарылды. Чейрек финалда казакстандык Рахат Калжанды 4:2 эсебинде, жарым финалда монголиялык Занабазар Занданбудду 8:6 эсебинде утту. Финалда индиялык Аман Аманга жеңилип (4:9), 2-орунду ээледи.

Бул күнү Алмаз Саманбековдон тышкаркы эки кыргызстандык балбан коло байгеге ээ болду. 65 килограмм салмакта Улукбек Жолдошбеков, 70 килограмм салмакта Орозобек Токтомамбетов 3-орунду ээлешти.

Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын таймаштары 14-апрелде аяктайт. Бул күнү Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Адилет Жапаркулов (74 кг), Нуртилек Карыпбаев (86 кг), Арсланбек Турдубеков (97 кг) жана Музафар Жаппуев (125 кг) күч сынашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG