Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Акылбек Жапаров Вашингтондогу жыйында суу саясаты жөнүндө маалымат берди


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтонго иш сапарынын алкагында суу маселеси талкууланган жыйынга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз катчысы маалымдады.

Анда Акылбек Жапаров Кыргызстан суу ресурстарына кылдат мамиле кыларын, “ар бир тамчы маанилүү” экенин айткан. Жапаров Кыргызстанда суу мөңгүлөрдөн топтолорун, аймактагы дарыяларды толтурган мамлекеттердин бирине кирерин билдирди. Өлкөдө эскирген ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо зарылдыгын белгиледи.

“Биз өлкөнүн калкын климаттын өзгөрүшүнүн таасирине даярдоо үчүн саясатыбызды, жоболорубузду жана институттарыбызды жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Быйыл 2040-жылга чейин Суу боюнча улуттук стратегия кабыл алынып, суу менен камсыздоо жана тазалык жөнүндө мыйзамдар иштелип чыкты”, - деди Жапаров.

Министрлер кабинети бул иш-чара Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун жазгы жыйындарынын алкагында өткөнүн билдирди.

Ушул тапта Вашингтон шаарында жүргөн Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун жазгы жыйындарына катышат, ошондой эле эки жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрөрү айтылган. Буга чейин Дүйнөлүк банктын капиталды өнүктүрүү боюнча вице-президенти Мамта Мурти менен жолукканы белгилүү. (TSh)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG