Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

Быйыл айыл чарбасына 10 миллиард сомдой насыя бөлүнөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл мамлекеттик бюджеттен айыл чарба үчүн "Айыл банк", РСК банктары аркылуу 9 млрд. 810 млн. сом насыя 6% үстөк менен берилет.

Бул сумма 11 миңдей адамга гана жетерин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев депутат Тазабек Икрамовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Төрөбаев айыл чарбасына багытталган насыянын үстөгү 6 пайыздан ашпасын, банктар анын үстүнө үстөк кошууга укуксуз экенин белгиледи.

"Бизде быйыл айыл чарбасына жеңилдетилген үстөк менен бериле турган акчанын көлөмү аз. Болгону 9,8 млрд. сом. Он бир миң кишиге гана берилет. Эгер банктар же банк кызматкерлери насыяны 6 пайыздан ашык үстөк менен берчү болсо, дыйкан-малчылар бизге кайрылсын. Чара көрүлөт", - деди Төрөбаев.

Өкмөт тарабынан дыйкандарды колдоого "Айыл чарбасын колдоо -11", "Агрокредит" жана 1 млн. сомдон пайызы жок берилүүчү насыялар бар.

Өткөн айда президент Садыр Жапаров айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду кабыл алып, жеңилдетилген насыяга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган.

Айыл чарба министрлигинен "Азаттыкка" билдиришкендей, 31-мартка карата өлкө боюнча 800дөн ашык дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди.

Былтыр дыйкан-фермерлерге деп бөлүнгөн жеңилдетилген насыянын теңи гана берилгени белгилүү болгон жана буга байланыштуу Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлгөн. Анда насыялар кечиктирилип берилгени, банктарда кезек күткөндөр арбын экени айтылган. Айрым депутаттар жеңилдетилген насыя ала турган компаниялар арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын компаниялары бар экенин билдирген.

Өкмөт былтыр жазында "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыя үчүн 10 миллиард сом бөлгөн.

Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG