Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Кыргызстанга акча которуунун саны бир айда 4,7 млн. долларга көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жылы февралда сыртта жүргөн мигранттар Кыргызстанга 151,4 млн. доллар которушту. Бул январдагы көрсөткүчкө караганда 4,7 млн. долларга көп.

Улуттук банктын маалымдашынча, бирок быйыл февралда сырттан которулган акча бир жыл мурдагыга караганда 36,2 млн. долларга аз.

Сырттан которулган акчанын басымдуу бөлүгү Орусиядагы мигранттарга туура келет. Ага ылайык, февраль ичи Орусиядагы мигранттар Кыргызстанга 137,3 млн. доллар которду. АКШдан 2,8 млн. доллар, калганы башка өлкөлөрдөн которулган.

Быйылкы январь, февраль айларында сырттагы мекендештер Кыргызстанга 298,1 млн. доллар которгон. Бул былтыркы январь, февралда которулган акчадан 66,5 млн. долларга аз.

Улуттук банктын маалыматына караганда февраль айында өлкөдөн тышка которулган акчанын көлөмү да өсүп, 49,5 млн. долларды түздү. Бул былтыркы февралдагы көрсөткүчтөн 8,4 млн. долларга көп. Акчанын басымдуу бөлүгү - 34,3 млн. доллар Орусияга, 14 млн. доллар Түркияга чыгарылган.

2022-жылы Кыргызстанга сырттан 2 млрд. 928,2 млн. доллар которулган. Өлкөдөн тышка 1 млрд. 200,7 млн. доллар чыгарылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG