Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

NYT: АКШнын жашыруун документинин дагы бир бөлүгү пайда болду


Пентагон.
Пентагон.

Социалдык тармактарда АКШнын Украина, Жакынкы Чыгыш жана Кытайга байланыштуу жашыруун документтеринин бир бөлүгү пайда болгонун америкалык New York Times гезити жазды.

Жалпысынан жүздөн ашуун документ жарыяланышы мүмкүн эле, анын ичинде бир топ убактан бери салгылашуу жүрүп жаткан Бахмуттун аскердик картасы, "Кытай, Инд-Тынч океан аскер театры, Жакынкы Чыгыш жана терроризм боюнча жашыруун брифингдерден слайддар" бар. 23-февралдагы слайддардын бири Secret/NoForn - "чет өлкөлөргө жайылтууга болбойт" деп жазылган.

Пентагондун мурдагы жогорку даражалуу кызматкери Мик Малрой жашыруун маалыматтын чыгып кетишин "коопсуздуктагы олуттуу жарака, жик" деп атаган. Анын пикиринде, басымдуу бөлүгүн сүрөттөр түзгөн документтердин файлын "Украинанын, АКШнын жана НАТОнун аракеттерине зыян келтирүүнү каалаган" бирөө атайын жайгаштырган.

АКШнын чалгын кызматынын жогорку кызматкери маалыматтардын чыгып кетишин Австралия, Канада, Жаңы Зеландия, Бритиния жана АКШ чалгын альясы үчүн "коркунучтуу жагдай" деп атаган.

Буга чейин New York Times гезити Украинага пландалган жардам жана украин армиясынын жооп иретиндеги чабуулу тууралуу жашыруун документтердин биринчи бөлүгү жарыяланганын жазган.

Пентагон жашыруун маалыматты жарыялагандарды издеп жатат. Украинанын президентинин кеңсеси аны "фотошоп" же "жалган маалымат" деп атады. Бул жагдайга комментарий берген Москва Украинадагы согушка АКШ менен НАТОнун түз же кыйыр кийлигишүүсүнөн күмөн санабай турганын билдирди. (КЕ)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG