Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Баткенде кызмат адамдары аткарылган ишти ашыкча баалаган деп шектелүүдө


"Суу канал" ишканасы.
"Суу канал" ишканасы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана “Суу канал” ишканасынын кызмат адамдарынын абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталганын кабарлады. Маалыматта алар шаардын суу түтүктөрүн жаңылоо долбоорун ишке ашырууда иштин көлөмүн ашыкча баалаганы белгиленген. Бул үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 2017-жылы (ЕРӨБ) 6 млн. евро бөлгөн.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, учурда тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана тергөө жүргүзүү менен келтирилген материалдык чыгымды так аныктоо иштери жүрүп жатат. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) ылайык ылмыш иши козголду.

Кызыл-Кыянын мэриясы, айыпталган тарап комментарий бере элек.

УКМК апрелдин башында 13 кызматкер Суу фондунун жерин мыйзамсыз бөлүп берүүгө айыпталып жатканын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG