Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:59

Орусиялык күчтөр Херсондун Станислав айылын аткылаганда балдар жараат алды


Херсондогу айылдык эмканалардын бирине илинген украин желеги.
Херсондогу айылдык эмканалардын бирине илинген украин желеги.

Орусиялык аскерлер 7-апрель күнү эртең менен Украинанын Херсон облусундагы Станислав кыштагын аткылады. Облустук аскердик администрациянын маалыматына караганда, снаряд турак жайдын чатырын тешип өтүп жарылган. Андан үч адам - 30 жаштагы аял, 10 жаштагы кыз жана 3 жаштагы бала жабыркаган.

Жабырлануучулар Херсон шаарындагы ооруканага жаткырылды. Бала менен энесинин абалы орточо оор. Оор жаракат алган кызга операция жасалды.

Станислав Белозерск районунда жайгашкан.

Украин армиясы былтыр күздөгү контрчабуулда Херсонду орусиялык күчтөрдөн бошоткон. Андан бери Орусия Херсон шаарына чектеш конуштарды тынымсыз аткылоодо.

2-мартта Орусиянын Куралдуу күчтөрү гуманитардык жардам үчүн кезекте турган адамдарды учкучсуз учактардан аткылаганда тогуз киши жараат алган.

11-мартта орус аскерлери Херсон шаарын бутага алганда супермаркеттин жанында бараткан үч жайкын тургун мерт кеткен.

Украинанын чыгышындагы Бахмут калаасын көзөмөлдөө үчүн болгон кармашта эки тарап тең оор жоготууларга кабылды. "Азаттыктын" украин кызматы Бахмуттагы жөө аскерлер арасындагы жоготууну "Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң кандуу кармаш" деп жазды.

Орусиялык армия Бахмутка 2022-жылдын июлунан бери чабуул коюп жатат. Шаар талкаланды, бирок Украинанын күчтөрү каршылык көрсөтүп, коргонуусун улантууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG