Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Апрель элдик ыңкылабына 13 жыл болду


2010-жылдын 7-апрели. Бишкектин Ала-Тоо аянты.
2010-жылдын 7-апрели. Бишкектин Ала-Тоо аянты.

Бүгүн, Апрель элдик ыңкылабына 13 жыл болду. 2010-жылы 6-апрелде элдик толкундоолор алгач Нарын шаарында, кийин Таласта башталып, Бишкекте уланган.

7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы көтөрүлүштө Ала-Тоо аянтында 90го жакын киши окко учуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган. Бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен Беларустан башпаанек тапкан.

Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Калгангандарына сот өкүмү чыккан. Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою кесилген. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон.

Мурат Суталинов 20 жылга, Каныбек Жороев, Оксана Малеваная, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов 10 жылдан, ал эми Данияр Дунганов менен Нурлан Темирбаев 25 жылдан кесилген. Алардын дээрлик бардыгы ар кандай жагдайда бошотулуп, айрымдары жазасын өтөп чыкты. Элмурза Сатыбалдиев ушул тапта Жогорку Кеңештин депутаты. 2019-жылы анын соттуулугу жоюлган.

Курманбек Бакиев 2005-жылы Март ыңкылабы аркылуу бийликке келген. Ал бийликте турганда саясатчы Медет Садыркулов, депутат Жыргалбек Сурабалдиев, журналист Геннадий Павлюк, спортчу Раатбек Санатбаев, депутаттар Баяман Эркинбаев, Санжар Кыдыралиев, кылмыш төбөлү атыккан Рысбек Акматбаев киши колдуу болгон.

Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиев атасы бийликте турган учурда Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеп, өлкөдөгү таасирдүү адамдардын бири болгон.

Башкы прокуратура Бакиевдерди Кыргызстанга экстрадиция кылуу аракети көрүлүп жатканын билдиргени менен майнап чыга элек.

Кыргызстанда бул күн “7-апрель Элдик апрель революциясы” деп аталып, календарда кызыл менен белгиленген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG