Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Украинада согуш башталгандан бери 50 укук коргоочу, журналист набыт болду


Оксана Баулина – Украинадагы согушта каза болгон 50 укук коргоочу жана журналисттин бири.
Оксана Баулина – Украинадагы согушта каза болгон 50 укук коргоочу жана журналисттин бири.

Орусия Украинага кол салган бир жыл ичинде кеминде 50 укук коргоочу, журналист жана ыктыярчы набыт болду. Бул тууралуу Front Line Defenders эл аралык уюму билдирди.

Уюм Орусия согушка байланыштуу документтерди, далилдерди чогулткан укук коргоочуларды Украинага кол салган күндөн баштап эле бутага алганын кабарлады. Муну келечекте сот иштерине тиешелүү документтерди чогултууга тоскоолдук кылуу аракети деп баалады.

Front Line Defenders уюмунун эсебинде, 2022-жылы Украина укук коргоочулар менен журналисттердин өлүмү боюнча дүйнөдө 2-орунга чыкты. Биринчи орунда Колумбия турат. Бул мамлекетте бир жылда 186 курмандык болгон.

Уюм Украинада согуш башталганга чейинки үч жылда мындай фактыларды каттаган эмес.

Буга чейин украиналык Zmina укук коргоо уюму Орусия Украинадан кеминде 386 укук коргоочуну, журналистти жана ыктыярчыны уурдап же мыйзамсыз камакка алганын билдирген. Уюмдун маалыматына караганда, алардын көбү орус аскерлеринин кыйноосуна кабылганын айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG