Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:20

Израилдин полициясы Ал-Акса мечитинин жанында палестиналыктар менен кагылыша кетти


Израилдин тартип коргоо кызматкери палестиналык мусулманды сүйрөп кетип жатат. Иерусалим, 5-апрель 2023-жыл
Израилдин тартип коргоо кызматкери палестиналык мусулманды сүйрөп кетип жатат. Иерусалим, 5-апрель 2023-жыл

Израилдин полициясы Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин жанында мусулман зыяратчылар менен кагылыша кетти. Рейтерс агенттигинин жазганына караганда, окуя тартип коргоочулар жөөттөргө комплекске кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө аракеттенгенде болгон.

Полициянын маалыматына ылайык, эртең менен таң эрте алар мечит жайгашкан дөңсөөдө рейд жүргүзгөн жана анын алдында ал жерге бир нече палестиналык намаздан кийин бекинип алып, баррикада түзгөн. 350 киши кармалып, ондогону жаракат алганы кабарланды.

Палестин тараптын айтымында, полиция кулак тундурган граната, желим ок колдонгон жана кагылышта 14 киши жабыркады.

Жооп катары Газа секторунан Израил тарапка ракета атылса, Израил авиацияны колдонду.

Израилдин армиясы беш ракетаны атып түшүргөнүн билдирди. Аларды ким атканы белгисиз. Бирок Израил тараптын болжолу менен аткылоонун артында радикал ХАМАС уюму турат. Уюмдун жетекчисинин орун басары «мусулмандардын ыйык жайларына кол салуу олуттуу кесепеттерге алып келерин» эскертти.

Израилдин полиция кызматкерлери мечиттегилер аларга таш ыргытканын, бир тартип коргоочу жарадар болгонун айтышууда. Дагы бир видеодо алар палестиналыктарды союл менен сабап жатканын көрүүгө болот.

Мусулмандар да, жөөттөр да ыйык деп эсептеген Ал-Акса мечитинин аймагында кагылышуулар утур-утур болуп келет. Мусулмандардын ыйык Орозо айы менен катар шаршембиде жөөттөрдүн Песах майрамы башталууда.

Чыгыш Иерусалимде жайгашкан Ал-Акса мечитинин айлана-тегереги 1967-жылдагы согуштан кийин Израилдин көзөмөлүнө өткөн. Палестиналыктар бул аймакты болочоктогу мамлекетинин бир бөлүгү катары санашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG