Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:32

Акыйкатчы зордукталган секелектин иши боюнча сот чечимдерин сынга алды


Балдардын укугун коргоо талабы менен чыккандардын акциясы. 8-июль, 2022-жыл.
Балдардын укугун коргоо талабы менен чыккандардын акциясы. 8-июль, 2022-жыл.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Жогорку сот 13 жаштагы секелек кызды зордуктоого айыпталган Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы кызматкерине 5-апрелде чыгарган өкүмү тууралуу комментарий берди. Анын билдирүүсүндө кызды зордуктагандарга берилген жазанын азайтылышы Кыргызстанда зомбулуктун көбөйүшүнө жол ачары айтылат.

“Милицияга берилген жазаны жумшартуу - сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын курмандыгы болгон балдар менен аялдардын бетине ачык эле түкүрүү жана баардык зордукчуларга колдоо белгиси болду”, - деген Атыр Абдрахматова.

13 жаштагы кызды зордуктоого байланыштуу кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт киши - эки милиция кызматкери жана эки адам соттолгон.

2022-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылдан, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга абакка кескен. Дагы бир кишинин иши өзүнчө каралып, Бишкектин Биринчи май райондук соту ага сегиз жыл жаза берген.

Быйыл 12-январда Бишкек шаардык соту милиция кызматкерлеринин биринин жаза мөөнөтүн алты жылга, экинчисиникин 9 жылга азайткан. Дагы бир айыпталуучунун мөөнөтү өзгөртүүсүз калтырылып, 10 жылга соттолгон.

Жогорку сот 5-апрелде Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштеген инспектору 39 жаштагы айыпталуучунун жазасын алты жылдан 7,5 жылга көбөйттү. Экинчи милиция кызматкери менен үчүнчү айыпталуучу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

13-мартта Жогорку Сот бул ишке айыпталган төртүнчү кишиге чыккан Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Шаардык сот аны сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Акыйкатчы кызды зордуктагандарга райондук сотто берилген жазанын Бишкек кийин Жогорку сотто кыскарып кетишин сынга алды.

Былтыр 2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө “Кызымды колдон колго өткөрүшкөн” деген макала жарыялаган. Ушундан кийин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы менен акциялар өткөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG