Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:17

Ирандын элчиси Азербайжандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды


Тегеран азербайжандык медиа Иранга каршы маалымат таратууда деген нааразылык нотасын тапшыргандан кийин Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Ислам жумуриятынын элчисин чакырды.

Иран 2-апрелде тапшырган нотада бир жактуу маалыматтарга каршы чара көрүугө чакырган. Бул тууралуу “Азаттыктын” азери казыматы кабарлады.

Азербайжандын тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы Айхан Хажизаданын маалыматына караганда, элчи Саед Мусавиге нааразылык “объективдүү” эмес деп айтылып, Иранда Азербайжанга каршы маанайда чыгып жаткан кабарлардын тизмеси берилди.

Акыркы кезде эки өлкө ортосундагы мамилеге көлөкө түшүргөн окуялар болду.

Өткөн аптада Тегеран Азербайжандын аймагында анти ирандык күчтөр жайгашкан деп айыптаган. Баку ал дооматты четке каккан.

Февралда азери Ички иштер министрлиги динге жамынган ирандык тыңчылар тобуна мүчө деп 40 чакты кишини кармаган.

Ага чейин, январда Азербайжандын Тегерандагы элчилигине кол салууда бир киши каза таап, эки адам жарадар болгон. Баку ал окуяны “теракт” деп сыпаттап, элчилик кызматкерлерин эвакуациялаган.

Ислам жумуриятынын Тышкы иштер министрлиги чабуулду айыптап, иликтөө баштаган.

Ал эми Ирандын Tasnim маалымат агенттиги Тегеран полициясына таянып, шектүү элчиликке эки кичинекей баласы менен келгенин, “жеке маселесинен улам ушундай кадамга барган болушу ыктымал" деп жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG