Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Аялдардын өсмө ооруларын дарылоочу жаңы жабдыктар алынды


Улуттук онкология жана гематология борбору.
Улуттук онкология жана гематология борбору.

Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, Улуттук онкология жана гематология борборуна аялдардын гинекологиялык өсмө ооруларын нур менен дарылоодо зарыл болгон эки брахиаппарат сатып алынды.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Жабдуулардын баасы жалпы 1 млн. 400 евро. Министрлик бул жабдуулар кайсы каражатка жана кайдан алынганын тактаган жок.

Аппаратты иштеткен дарыгерлер, инженер жана физиктер окуудан өтүштү.

Аталган борбордун гинекология бөлүмүндө онкологиялык дарттар менен жылына 300 аял кайрылат. Борбордогу брахитерапиялык жабдуу 2020-жылдын ноябрь айынан бери бузулуп, иштебей турган. Бейтаптар коңшу өлкөлөргө нур терапиясы үчүн барууга мажбур болуп келишкен.

Брахитерапия - бул жатын моюнчасынын, простата жана уйку бездеринин, жоон ичегинин залалдуу шишигин нур менен дарылоо ыкмасы.

Кыргызстанда онкологиялык дарттар менен 20 миңден ашуун каттоодо турат.
Ракка каршы күрөштүн тегерегинде иш алып барган бейөкмөт уюмдар жылына 600дөн ашуун аялга жатын моюнчасынын рагы деген диагноз коюларын айтып келишет. Анын дээрлик жарымы бир жылга жетпей көз жумууда.

Аялдар арасында гинекологиялык өсмө оорулары жалпы рактын көрсөткүчүндө биринчи орунда турат.

Былтыртан бери эл аралык уюмдардын жардамы менен Кыргызстанда өспүрүм кыздарды вирустук паппиломага каршы эмдөө өнөктүгү башталды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG