Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:47

Жер мунапысы: "Кадастрдын" Аламүдүн районундагы жетекчиси кармалды


Жер иши боюнча кармалган шектүү.
Жер иши боюнча кармалган шектүү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн району боюнча филиалынын башчысы, жер мунапысы боюнча комиссиянын мүчөсү (А.М.А.) кармалганын билдирди.

Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Мекеме буга чейин Аламүдүн районунда жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссия мамлекетке тиешелүү 66,8 га айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди жер мунапысына киргизип, калктуу конуштар категориясына билип туруп мыйзамсыз которушканын кабарлаган.

Бул иш боюнча 30-мартта Аламүдүн районунун акиминин орун басары, жер мунапысы боюнча комиссиянын төрагасы да кармалган.

Жер чырына байланыштуу акыркы күндөрү бир катар кызматкерлер колго түштү. Буга чейин Сокулук районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары Бахридин Азизов, башкармалыктын адиси Төрөкул Солтобаев, райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Руслан Мырзакасымов, ушул эле кызматтын мурдагы картографы Азисбек Дөөлөтбаков кармалып, 20-майга чейин камакка алынган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG