Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Петербургдагы жардыруудан кремлчил журналист мерт кетти


Жардыруу болгон кафенин жанында. Санкт-Петербург, 2-апрель, 2023-жыл
Жардыруу болгон кафенин жанында. Санкт-Петербург, 2-апрель, 2023-жыл

Санкт-Петербургдун борборундагы кафеде жекшембиде жардыруу болгонун орусиялык маалымат каражаттары жазды.

ТАСС агенттиги шаардын чукул кызматтарына шилтеме менен маалымдагандай, "Стрит-бар" деген кафеде жардыргыч зат менен дүрмөттөлгөн жабдык иштетилгенде бир киши каза тапты, 16сы жабыркады.

“Фонтанка” сайты өз булактарына таянып, жардыруудан аскердик кабарчы Владлен Татарский (өз аты Максим Фомин) мерт кеткенин билдирди. Кийин бул маалыматты шаардык милициянын басма сөз кызматы бышыктады.

ТАСС билдиргендей, тартип коргоо органдары Татарский бутага алынганын белгиледи. Кафеде анын чыгармачыл кечеcи өтүп жаткан. Колго жасалган жардыруучу жабдык ага тартууланган айкелченин ичине катылган.

Татарский буга чейин Донбасста орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, ал жактан репортаж даярдап келген. Украин маалымат каражаттары аны кремлчил пропагандачы деп аташат.

Орусиялык медиа кечеге 100 чакты киши катышып жатканы маалымдалды.

Социалдык тармактардын колдонуучулары дем алыштарда "Стрит-барга" "Кибер Z фронт" деген талкуу клубу чогулуп турарын жазышты.

Ал эми “Фонтанка SPB Online” Телеграм-каналы билдиргендей, ал кафе мурда бизнесмен Евгений Пригожинге таандык болчу.

Пригожин “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG