Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Армениянын вице-спикери Еревандын Путинди камоо ниети жок экенин билдирди


Акоп Аршакян
Акоп Аршакян

Ереван Орусиянын президенти Арменияга келсе, аны Эл аралык кылмыш сотунун ордери менен камоону каалабайт жана андай ниети жок. Бул тууралуу «Арменпресс» агенттиги менен маекте парламенттин вице-спикери Акоп Аршакян билдирди.

«Биз Орусиянын тынчсыздануусуна кулак салдык жана Рим статутуна байланыштуу мындан аркы жараяндар эки өлкөнүн стратегиялык мамилесине залака тийгизбегендей болушун камсыздай алабыз деп ойлойм», - деп ишендирди Аршакян.

Саясатчы Ереван Москва менен Рим статуту (Эл аралык кылмыш сотун түптөө келишими) эки өлкөнүн мамилесине таасир этпейт деген келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбасын айтты. Вице-спикердин айтымында, жакында Армения башка бир өлкө менен ушундай эле макулдашууга жетишкен. Аршакян кайсы өлкө экенин тактаган жок.

17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту орус президенти Владимир Путинди камоо ордерин чыгарган. Ал оккупацияланган украин аймактарынан балдарды Орусияга мыйзамсыз депортациялоого жооптуу деп айыпталган.

24-мартта Армениянын Конституциялык соту Рим статуту өлкөнүн баш мыйзамына каршы келбейт деген бүтүм чыгарган. Ереван документти ратификацияласа, анда уставдык нормага ылайык, Путин Арменияга барса, аны камоого милдеттүү болмокчу.

Москва Армениянын эл аралык келишимге кошулуусу эки тараптуу мамилелерге терс таасир тийгизерин эскертти. Ереван документти ратификациялоо жараяны былтыр жыл аягында башталганын белгилеп, Эл аралык кылмыш сотуна Азербайжанга каршы арызданарын билдирген. Эки өлкө Тоолуу Карабак аймагынын айынан чырлашып келатат.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт. Москва Путинге тагылган айыптоону чекте кагып, Эл аралык кылмыш сотунун судьяларына кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстанда Рим статутун ратификациялоо демилгесинин алкагында иштер жүрүүдө.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG