Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Садыр Жапаров Бишкектеги автобустар маселесин чечүүнү тапшырды


Садыр Жапаров менен Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров.
Садыр Жапаров менен Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров.

Президент Садыр Жапаров 1-апрелде Бишкек шаардык мэриясына караштуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине күтүүсүз текшерүү менен барды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Департаменттин аймагында көп жылдардан бери жараксыз абалга келген шаардык автобустар токтоп турат. Мамлекет башчынын тапшырмасы менен жакын арада шаарга миң автобус алынганы жатат. Бишкекте транспорт маселесинин акырындап чечилиши менен, бардык кичи автобустар шаар четине чыгарылат. Жапаров жараксыз болгон бардык эски автобустарды тез арада металлоломго чыгарууну жана аймагын кеңейтип, жаңы автобустарга орун даярдоону тапшырды. Ушул эле башкармалыктын аймагында техникалык тейлөө станциясын курууну тездетүүнү тапшырды. Аны келишимге ылайык жаңы алынып келинген автобустардын өндүрүүчүсү болгон кытайлык завод курат",-деп жазды Султанбаев.

Бишкек мэриясына газ менен жүрүүчү 120 автобус сатып алынып, быйыл 1-февралда тапшырылган.

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров ушул жылдын аягына чейин калаада коомдук транспорт көйгөйү толугу менен чечилет деген убада берген. Соңку күндөрү шаарда жол тыгын көбөйүп, негизги маселелердин бирине айланды.

Кыргызстанда коомдук транспортко байланыштуу маселе өлкө эгемендик алгандан бери эле толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорт таңкыстыгы тууралуу коомчулукта нааразылык көп.

Бишкек мэриясынын автобус сатып алууларынан улам буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG