Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Израилдин Сириядагы аба соккуларынан ирандык офицер набыт болду


Милад Хейдаринин сүрөтү Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Telegram каналында жарыяланды.
Милад Хейдаринин сүрөтү Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Telegram каналында жарыяланды.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу 31-мартта Израилдин Сириядагы чабуулунан офицерлеринин бири набыт болгонун билдирди.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы да ушундай маалымат таратып, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун бир мүчөсү Израилдин аба соккусунан каза болгонун жарыялады.

Дамасктын чет жакасындагы соккуда мүрт кеткен офицердин аты-жөнү Милад Хейдари экени айтылууда.

Бул эки күн ичиндеги Израилдин Сириядагы экинчи чабуулу болду. Адатта Сириядагы соккулар тууралуу комментарий бербейт.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги окуяны айыптап, аны "Израилдин агрессиясы" деп атады жана БУУнун Коопсуздук кеңешин буга көңүл бурууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG