Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:35

"Айгүл Тоо" коругуна кирүүгө убактылуу тыюу салынды


“Айгүл Тоо” ботаникалык коругу
“Айгүл Тоо” ботаникалык коругу

Баткендеги "Айгүл Тоо" ботаникалык коругуна кирүүгө убактылуу тыюу салынды. Анын мөөнөтү үч жыл экенин Баткен токой чарбасынан "Азаттыкка" билдиришти. Эми жарандар 2023-жылдын 1-апрелинен тартып, 2026-жылдын 1-апрелине чейин ботаникалык коруктун аймагына кире албайт. Маалыматка караганда, мындай чара Баткенде өскөн уникалдуу Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатын көздөйт.

Айгүл Баткен облусундагы Айгүл-Таш тоосунда гана өсөт. 1978-жылы СССРдин "Кызыл китебине" киргизилген. Учурда бир даана гүлдү үзгөндөр 4500 сом айыпка жыгылат.

2008-жылы жалпы аянты 250 гектарды түзгөн "Айгүл Тоо"ботаникалык коругу ачылган. Корукту кайтарууга Эрматов атындагы орто мектептин окуучулары да жардам берет.

Айгүл гүлү апрелде ачылып, эки жумадай гана гүлдөйт. (КЕ/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG