Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Кара-Сууда мектеп директору 43 окуучу атырдын жытына ууланганын билдирди


Кара-Суу району.
Кара-Суу району.

Оштун Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектептин 6-классынын окуучулары атырдын жытына ууланышты. Бул тууралуу мектеп директору Нурила Сыдыкова “Азаттыкка” тастыктады.

Анын айтымында, 43 окуучу дарыгерлердин кароосунан өттү, алардын 17си көзөмөлдө болот.

Директор окуучулардын бири атырды класстын ичине сээп ойногонун, андан бир окуучу кыздын башы ооруп баштаганын, кийин баарын дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүүгө Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилгенин билдирди.

Ал окуучулардын абалында кооптуу жагдай жок экенин кошумчалады.

Дарыгерлер менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. Билим берүү жана илим министрлиги маалымат тарата элек.

Кыргызстанда мектептерде балдардын тамак-ашка, клейге жана белгисиз затка жапырт ууланган учурлары буга чейин бир нече жолу катталган. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG