Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Bloomberg: Орусия армияга 500 миң кишини чакырган


Орус армиясынын согуш тилкесиндеги унаасы. Украина, март 2023-жыл
Орус армиясынын согуш тилкесиндеги унаасы. Украина, март 2023-жыл

Bloomberg агенттиги билдиргендей, орусиялык аскерлердин саны былтыр 500 миң кишиге көбөйгөн.

Орусиянын статистикалык кызматы аскерлердин саны 400 миң деген санды көрсөткөн. Бирок агенттиктин аналитиктери бул маалымат толук эместигин айтышат. Расмий статистикада “Вагнер” менчик компаниясы өңдүү түзүмдөр жалдаган дагы 100 миң киши эске алынган эмес.

Былтыр октябрда орус бийлиги мобилизациянын алкагында армияга 300 миң киши тартылганын билдирген.

Маалыматка караганда, куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөндөрдүн саны көбөйгөндөн баштап Орусияда жумуш күчү тартыш болууда. Бул ойду статистика мекемесинин жумушсуздуктун деңгээли рекорддук төмөн чекке жетти деген маалыматы кыйыр түрдө бышыктайт. Вице-премьер-министр Татьяна Голикованын айтымында, быйыл январда жумушсуздук 3,6% түздү.

Bloomberg Украинадагы жоготууларды жана жүз миңдеген кишинин өлкөдөн кетип жатканын эске алганда, Орусияда алдыдагы жылдарда ишке жарамдуу калк 6,5% азайышы ыктымал деп эсептейт.

Буга карабай, орус бийлиги аскерлердин санын көбөйтүүнү көздөп жатат. Апрелде Коргоо министрлиги армияга келишим менен алуунун жаңы өнөктүгүн баштайт. Регионалдык медиа армияны 400 миң киши менен толуктоо каралганын жазышты.

Январда коргоо министри Сергей Шойгу үч жылда куралдуу күчтөрдүн санын 1,5 миллионго жеткирүү максаты турганын айткан. Болжол менен анын жарымы келишимдик негизде кызмат өтөмөкчү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG