Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:44

Аннексияланган Мелитополь шаарында жарылуу болду


Мелитополь. 2020-жылы тартылган сүрөт.
Мелитополь. 2020-жылы тартылган сүрөт.

Украинанын Орусия басып алган Мелитополь шаарында жарылуу болду.

Калааны сырттан башкарган мэри Иван Федоров орус коопсуздук күчтөрү жайгашкан имарат аткыланганын билдирди.

“Орусия менен биргебиз” кыймылынын төрагасы Владимир Рогов таңкы саат сегизден өткөндө артиллериялык куралдан аткылоо болгонун маалымдады. Анын белгилешинче, көп тармактуу коллеждин жанындагы имарат жарым-жартылай талкаланган, төрт адам жабыркаган.

Запорожье облусундагы Мелитополь шаары согуштун башында аннексияланган.

"Азаттык" радиосунун орус кызматы тактаган кабарларга ылайык, Орусиянын Херсондон чегинген түштүк фронттун командачылыгы Мелитополго жайгашкан.

Ал тапта Украинанын чыгышында салгылашуу уланууда. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы 27-мартта билдиргендей, орус аскерлеринин 60тан ашуун чабуулунун мизи кайтарылды.

Бир күн мурун президент Владимир Зеленский аскер кызматкерлери менен жыйын куруп, коргонууну чыңдоо жана фронттогу кырдаалды талкуулашкан.

Орусия Украинада 2022-жылдын 24-февралында согуш баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG