Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин ишинде мүчүлүштүктөр жаралды


"Унаа" мамлекеттик мекемеси.
"Унаа" мамлекеттик мекемеси.

Бүгүн, 27-мартта Ички иштер министрлигине караштуу транспорт каражаттарын каттаган "Унаа" мамлекеттик мекемесинде каттоо, кайра каттоо тутумунда мүчүлүштүктөр пайда болуп жатканы маалым болду.

Аталган мекеме мунун себебин "ишкананын ишмердүүлүгүнөн көз карандысыз жагдайлардан улам келип чыкты" деп билдирип, ушул тапта ишти жөнгө салуу аракети жүрүп жатканын кабарлады.

Мекеменин ишинде мүчүлүштүктөр бир нече күндөн бери болуп жатканын социалдык медиада колдонуучулары жазууда. Каттоо тутуму бузук болгондуктан "Унаа" мекемесинде кезек күткөндөр көбөйгөнү тууралуу видеолор интернетке тараган.

2018-жылдын 21-декабрында өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жоюп, анын базасында жаңы "Унаа" мамлекеттик мекемесин түзгөн.

Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы декабрдагы "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, "Унаа" мекемеси ИИМдин карамагына өткөн. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG