Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

ЖАМКнын басма сөз катчысы Элеонора Шаршеналиева каза болду


Элеонора Шаршеналиева.
Элеонора Шаршеналиева.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы, журналист Элеонора Шаршеналиева 25-мартта мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Элеонора Шаршеналиева 1973-жылы Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Билими жогору, 2006-жылы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин аяктаган.

Журналистикадагы эмгек жолун студент кезинде "Заман Кыргызстан", "Дил" гезиттеринде, "Кабар" маалымат агенттигинде кабарчылыктан баштаган. 2006-жылы мекеменин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын "Үмүт" гезитине ишке орношуп, кийин мекеменин басма сөз кызматын жетектеген.

ЖАМК тараткан маалыматта Шаршеналиева соңку кезде ооруп жүргөнүнө карабай өз милдетин так аткарганы, акыркы күндөрү коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн адиси болуп иштеп жатканы жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG