Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:25

Боом капчыгайындагы өрт басаңдады


Боомдогу талааны өрт чалды. 24-март. 2023
Боомдогу талааны өрт чалды. 24-март. 2023

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок 2 айылында талаада тутанган өрт кечки саат алтыдан өткөндө басаңдап, учурда жалынды толук өчүрүү үчүн иш уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Тилсиз жоону өчүрүүгө куткаруучулар, токой чарбасынын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар болуп жалпысынан 140тай киши тартылганы маалым болду. Жакынкы калктуу конуштарга коркунуч жок.

Министрликтин маалыматына ылайык, жалын болжол менен 50 гектарды каптады. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Жалын эмнеден тутанганы белгисиз.

Ушул эле күнү Боомдогу “Кербен-Сарай” кафесинин маңдайындагы талаада чыккан өрт толук өчүрүлгөнүн министрлик кабарлады. Жалын 3 гектар аянтка тараган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG