Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:11

Депутат Ормонов Кемпир-Абаддын жээгиндеги айылдарга 60 млн. сом бөлүнгөнүн айтты


Кемпир-Абад суу сактагычы. 2022-жыл, октябрь айы.
Кемпир-Абад суу сактагычы. 2022-жыл, октябрь айы.

Оштун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде жайгашкан беш айыл өкмөткө 60 миллион сом бөлүнгөнү кабарланды. Бул тууралуу 22-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Өзгөндө эл менен жолугушууда айтканын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каражат Кемпир-Абад суу сактагычын пайдаланууда суу каптоонун кесепетин жоюуга жумшалат. Акча райондук администрациянын эсебине которулуп, анын сарпталышын атайын комиссия көзөмөлдөйт.

Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев январь айында Бишкекекте эки өлкөнүн чек арасынын айрым тилкелери тууралуу келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан.

Анын негизинде Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өткөн. Суу сактагычтын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат.

Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Тараптар мындай учурда суу сактагычтагы суунун деңгээли горизонталь боюнча 900дөн жогору болушу мүмкүн экенин тааный турганы белгиленген. Өзбек тарап биргелешкен комиссиянын кыргызстандык өкүлдөрүн суу сактагычка паспорту менен текшерип киргизет. Суу сактагычтын аймагында жүрүү үчүн башка талаптарды койбойт.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип чыккан бир нече саясатчы, активист жана блогер былтыр октябрь айында “жапырт башаламандык уюштурууга” шек саналып кармалып камакта жатат. Алар коюлган айыпты четке кагып келишет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG