Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Деколонизация жөнүндө дипломдук иш жазган студент басымга кабылганын айтууда


Борбор Азиядагы Америка университети. Архивдик сүрөт.
Борбор Азиядагы Америка университети. Архивдик сүрөт.

Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти өзүнүн дипломдук ишине "Кыргызстандагы деколониялык дискурс" темасын тандап алганы үчүн басымга кабылганын Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

Студент тандап алган темасы үчүн мугалимдердин негизсиз сынына кабылганын жазган. Анын билдирүүсүндө, аталган окуу жайдын социология бөлүмүнүн деканы дипломдук ишти кабыл алуу үчүн Орусиядан кошумча үч инструктор чакырткан жана деколонизация терминин болушунча бейтарапташтырууну өтүнгөн.

Студенттин мындай билдирүүсү социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Окуу жайдын айрым студенттери ага тилектештик билдирип жатышат. Алар окутуучулардын студенттерге ыдык көрсөткөн учурлары буга чейин болгонун айтышып, университеттин ичинде нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

Басымга кабылганын айткан студент жана анын жоро-жолдоштору медиага ачык маалымат берүүдөн карманып турушканын, окуу жайдын администрациясы менен сүйлөшүү болуп жатканын кабарлашты.

Университеттин жетекчилиги азырынча комментарий бере элек. (NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG